Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Надим Захави Британияда Covid-19 вакцинасын жабдуу жаатын башкарган министрдин орун басары болуп дайындалды


Надим Захави. 2010-жылдын августу.
Надим Захави. 2010-жылдын августу.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон 28-ноябрда Надим Захави мырзаны Мамлекеттик катчынын (б.а. министрдин) орун басары кылып дайындады жана ага Британияда Covid-19 вакцинасын жабдуу иш-аракетин жетектөөнү тапшырды.

2010-жылдан бери Британ парламентинин мүчөсү болуп келе жаткан консерватор саясатчы Захави мырза – теги жагынан ирактык күрт. Ал 1967-жылы Багдадда туулган. 1976-жылы ата-энеси Саддам Хусейндин режиминен качып, Улуу Британияга келип, баш паана тапкан. 2019-жылдын 26-июлунан тартып ал бир эле учурда Ишкердик, отун-кубат жана өнөр жайынын стратегиясы боюнча мамлекеттик катчынын парламенттик орун басары деген кызматты аркалап келе жаткан.

Эми Захави мырза бул кызматты сактоо менен бирге, бүткүл өлкө боюнча вакциналарды тегиз жайгаштыруу иш-аракетин кошумча көзөмөлдөйт жана тийешелүү жыйынтыктар тууралуу Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок мырзага түздөн-түз маалымат берип турмакчы.

Вакциналарды жайгаштыруу боюнча Мамлекеттик катчынын орун басары кызматы келээрки жылдын ортосуна чейин гана ачылгандыгын өкмөт башчынын кеңсесинен маалымдашты. Калайыкты вакцина менен жабдуу британ өкмөтү үчүн канчалык олуттуу милдет экендигин бул дайындоо кыйыр айгинелеп турат.

XS
SM
MD
LG