Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:39

АКШнын Федерациялык апелляциялык соту Трамптын Пенсилвания боюнча арызын четке какты


АКШнын федерациялык апелляциялык сотунун баш кеңсеси. Вашингтон.
АКШнын федерациялык апелляциялык сотунун баш кеңсеси. Вашингтон.

Кошмо Штаттардын Федерациялык апелляциялык соту президент Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүчүлөрдүн 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун Пенсилвания штатындагы жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арызын 27-ноябрда четке какты.

Бул ишти караган соттун оюнча, Трамптын юристтери сунуштаган далилдер мындай олуттуу доо үчүн жетишсиз болуп чыкты.

“Эркин жана адилет шайлоо – демократиябыздын өмүр кубатынын булагы. Адилетсиздик жаатындагы айыптоолор өтө олуттуу. Бирок шайлоону адилетсиз деп жарыялап коюунун өзү эле шайлоону адилетсиз кылып салбайт”, – деген саптар бар соттук токтомго Стефанос Бибас жана анын эки кесиптеши кол коюшкан.

Учурунда Стефанос Бибасты президент Трамп ушул сот кызматына дайындаган болчу. Бибастын маалымдашынча, арызда жөндүү далилдер көрсөтүлгөн эмес.

Трамптын өкүлдөрү бул сот токтомуна каршы Жогорку Сотко кайрыла алат.

Пенсилвания штатынын бийлиги ушул аптанын башында шайлоонун бул штат боюнча жыйынтыгына ылайык демократ Жо Байден жеңишке жетишти, деп расмий жарыялаган болчу.

Эми президент Трамп өзүнүн Твиттердеги барагында Невада штатында одоно добуш бурмалоолор орун алды, деп жазды.

Ал эми 26-ноябрда Трамп эгерде Шайлоочулар коллегиясы Байденди шайлай турган болчу болсо, анда Ак Үйдөн чыга тургандыгын маалымдады.

14-декабрда Шайлоочулар коллегиясы өз отурумун өткөрөт, ага чейин АКШнын бардык 50 штаты өздөрүндө өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктарын расмий тастыктап берүүгө тийиш. (TT)

XS
SM
MD
LG