Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Тажикстанда оппозициячыл саясатчыга издөө жарыяланды


Махмурод Одинаев.
Махмурод Одинаев.

Гиссар райондук ички иштер башкармалыгы Тажикстан социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Махмурод Одинаевге издөө жарыялады.

Оппозициячыл саясатчы өткөн дем алыш күндөрү азык-түлүктүн кымбатташына каршы митинг өткөрүүгө уруксат берүү тууралуу өтүнүч менен Дүйшөмбү шаарынын мэриясына кайрылгандан бери дайынсыз болууда.

Шаардык милициядагы өз булактын айтымында, дем алыш күндөрү Одинаев «уулу Шайхмуслихиддин Ризоевдин бейбаштык иштери боюнча» суракка чакырылып, бирок барбай койгондон кийин ага издөө жарыяланган.

24-ноябрда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) саясатчынын уулуна каршы мыйзамдын «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ризоев мас абалында шаардагы ресторандардын биринин жанында 2002-жылы туулган кызды сабаган. «Ресторандын күзөтчүсү аны токтотууга аракет кылып, жыйынтыгында экөө мушташып кеткен. Соттук-медициналык актыга ылайык, Ризоев жеңил жаракат алган», - деди мекеменин басма сөз кызматкери.

Быйыл октярда Одинаев белгисиз адамдар уулуна кол салганын айтып чыккан. «Бийлик мындай жол менен мени жана мага окшогон бийликти сындап жүргөндөрдү коркуткусу, саясий ишмердүүлүгүбүздү токтоткусу келип жатат», - деген ал.

Ал ортодо саясатчынын туугандары Гиссар шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Одинаевдин дагы бир уулу кармалганын билдиришүүдө.

Польшадагы тажикстандык оппозициячылар түзгөн «Саясий туткундарды коргоо комитети» Махмурод Одинаевди Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери уурдап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирди. Азырынча расмий Дүйшөмбү комитеттин бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Одинаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Дүйшөмбүнүн мэри Рустами Эмомалиге кайрылып, президенттик сарайдын алдында нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнгөндөн кийин жоголуп кеткен. Бийлик анын бул кайрылуусуна көңүл бурган эмес.

Аптанын башында оппозициячыл саясатчынын жакындары бир нече күндөн бери милицияга суракка чакырылып жатканын билдиришкен. Бирок ИИМ мындай маалыматтардын баарын четке каккан.

Тажикстан социал-демократиялык партиясынын жетекчилиги аларда саясатчынын кайсы жерде экендиги тууралуу маалымат жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG