Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты башталат


24-ноябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты башталат. 24-27-ноябрь күндөрү алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал өтөт. Финалдык беттеш 28-ноябрда болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Чемпионаттын максаты жаңы Олимп оюндарына улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана жаштар арасында бул спорттун түрүп жайылтуу болуп саналат.

Мелдеш Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) эрежесине ылайык, эркектер арасында 10, аялдар арасында беш салмак категориясында өткөрүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG