Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03

Садыр Жапаров: Шайлоодо элди бөлүүгө жол бербейли


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып жатып президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөргө кайрылды. Жапаров элдин тынчтыгы менен ынтымагы жеке мансаптан бийик болушу керектигин айтып, «шайлоонун шары менен жеке амбицияга алдырып, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирбеш керек» деди.

«Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем: Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга жана тууган- туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли».

Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин коюп жаткандыктан 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, премьер-министр катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтотту.

Мыйзам боюнча эми парламент спикери Талант Мамытов президенттин милдетин убактылуу аткарат.

Саат 21:00гѳ карата БШКга Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 62 адамга жетти. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев арызын кайтарып алды.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келди.

6-октябрга караган түнү элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган. Жапаровдун тарапташтарынын талабы менен эки күндөн кийин Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин убактылуу аткаруудан баш тартып, 16-октябрда бул иш Жапаровго жүктөлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG