Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Алматыда журналист Эрмурат Бапи кармалды


Журналист Эрмурат Бапи.
Журналист Эрмурат Бапи.

«Азаттыктын» казак кызматы журналист Эрмурат Бапи 14-ноябрда Алматыда оппозициянын бийлик уруксат берген митингинин алдында кармалганын жазды. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири, журналист Инга Иманбай билдирди. Бапинин кармалганын Алматы шаарынын Медеу райондук ички иштер бөлүмү да ырастады.

14-ноябрдагы митингге жарандык активист Жанболат Мамай менен Украинада жашаган журналист жана активист, «YouTube» социалдык тармагындагы «Base» каналынын ээси Айдос Садыков чакырылган. Экөө тең Казакстандын бийлигин сындап жатышат. Алар нааразылык акциясын «элдик митинг» деп аташты.

Казакстанда 2020-жылы «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, бийликтин уруксаты жок эле нааразылык акцияларын өткөрүүгө шарт түзүлгөн. Бирок жарандык активисттер иш жүзүндө андай болбогонун айтып келишет. Жергиликтүү бийлик ар кандай себептер менен митинг жана пикеттерге тыюу салып келет. Уруксат берилген күндө деле аларды уюштуруучулар ар кандай тоскоолдуктарга туш болушат.

14-ноябрдагы митинг Алматыда Улуттук академиянын имаратынын алдында саат 12:00гө белгиленген. Митингдин уюштуруучулары 2021-жылдын 10-январына белгиленген парламенттик шайлоону бойкоттоого чакырып, андан тышкары коронавирустун айынан түзүлгөн оор кырдаалда банктык насыялардын кечирилишин, жердин чет өлкөлүктөргө ижарага берилбөөсүн жана өлкөдөгү саясий туткундардын бошотулушун талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG