Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:09

ЖАМК: №47 абактагы видео спорттук иш-чарада тартылган


Бишкектеги №47 абактан тартылган видеодон алынган кадр.
Бишкектеги №47 абактан тартылган видеодон алынган кадр.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Бишкектеги №47 абакта отурган «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) жана башка соттолуучулардын Интернетке тараган видеосу боюнча түшүндүрмө берди.

ЖАМК 5-ноябрда «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш жана менюга ылайык футбол аянтчасында соттолуучуларга тамак берилгенин кабарлады.

«Түшкү тамактануу учурунда жупуну дасторкон жайылып, анда спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылды, ошондой эле диний жөрөлгөлөр (Куран окуу) өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

11-ноябрда социалдык тармактарда N47 абакта футболдук аянтчада жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган тасма тараган. Андан Камчыбек Көлбаевди, ырдап жаткан кишини көрүүгө болот. Бул иш-чара Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.

ЖАМК видео 5-ноябрда 10 жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы адам тарабынан тартылганын ырастады. Бул факт боюнча мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, анын чөнтөк телефонун алып, өзүн бир айга камера тибиндеги бөлмөгө жайгаштырышкан.

Эми мекеменин ички иликтөө кызматы чөнтөк телефондун колдонулушуна жол берген күнөөлүү кызматкерлерге карата текшерүү жүргүзүлөрү кабарланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчыбек Көлбаевди уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлду.

Ал алгач УКМКнын тергөө абагына кармалып, сөз болуп жаткан видео тартылган күнү 5-ноябрда Бишкектеги №47 абакка которулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG