Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

Гепатит жугузуп алгандар нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындары болуп жалпысынан 50дөй киши бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыкты.

Алар коронавирус пандемиясынын шартында гепатиттин ар кайсы түрүнө чалдыккандар тобокелчилик тобуна кире турганына, бирок мамлекет көңүл бурбай жатканына нааразылык билдиришти.

Гепатитке чалдыккандар дары-дармек жетишпей жатканын жана кымбат экенин маалымдашты. Боор оорулары өлкөдө көп экенине карабай, анын алдын алуу иштери жолго коюлбаганын, гепатит кеңири жайылып жатканын билдиришти. Ошондой эле гепатитке каршы эмдөө иштеринде кыйынчылык жаралып жатканын да белгилеп, бул маселелерди чечүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, гепатит жугузуп алгандардын жакындарын эмдөөнүн баасы кымбат.

Мындан тышкары алар Кыргызстанда гепатитти аныктаган лабораториялардын көрсөткөн кызматы кымбат экенин, ушундан улам эл текшерилбей жатканын, ага карабай ооруканаларда текшерилбеген донор каны куюлуп, боор ооруларынын жугуштуу инфекциялары жайылып жатканын эске салышты.

Нааразы болгондор менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жолугушуп, жыйын өткөрүштү. Алар жыйында айтылган талаптар каралып чыгарын айтышты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги боорду жабыркаткан гепатит оорусунун оор деген В жана С түрлөрүнүн 85% байкалбай жүрө бере турганын, бирок ал оорулуу адам башкаларга жугузуп жүрө берерин билдирген.

Гепатиттин В түрүнүн алдын алыш үчүн Кыргызстанда Эмдөөнүн жалпы элдик календарына ылайык балдар бир жашка чыкканча үч жолу эмделет. Бирок С түрүнө вакцина жок.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат. (NT)

XS
SM
MD
LG