Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Пакистанда белгилүү профсоюздук активист киши колдуу болду


Алла Дад Тарин.
Алла Дад Тарин.

Пакистандын түштүк-чыгышындагы Белужистан аймагындагы жергиликтүү профсоюздук лидерди белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Полициянын маалыматы боюнча, 10-ноябрда Алла Дад Тарин мечиттен үйүнө кайтып келе жатканда аны кылмышкерлер атып кетишкен. Кол салгандар дароо изин жашырган. Бул кылмыш үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок.

Тарин Белужистандагы соодагерлер биримдигинин баш катчысы катары аймакта жигердүү иш алып барчу. Ошондой эле ал пуштундардын улуттук партиясынын мүчөсү болчу.

Белужистандын борбору Кветтанын дүкөндөрү менен базарларындагы соодагерлер Тариктин өлтүрүлүшүнө нааразылык иретинде ишке чыкпай турганын жарыялашты.

Белужистандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү активистти өлтүргөндөр жоопко тартыларына убада беришүүдө.

Ооганстан жана Иран менен чектеш, тоо кендерине бай Белужистанда диний, улуттук кагылыштар жана террорчулардын чабуулдары көп болот. Бул аймактагы чабуулдардан 2004-жылдан бери миңден ашык адам каза болду.

XS
SM
MD
LG