Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Бириккен Араб Эмираттарында жарандык никеге уруксат берилди


Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаары.
Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаары.

Бириккен Араб Эмираттардын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, никеге турбаган түгөйлөр чогуу жашай алышат. Ошондой эле спирт ичимдиктерине тыюу салган мыйзам бир аз жумшартылды. Мындан ары жашы 21ден өткөндөргө алкоголдук ичимдиктерди колдонууга, сактоого жана сатууга уруксат берилет.

«Реформалар өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалын жакшыртууга жана «Бириккен Араб Эмираттарындагы сабырдуулук принциптерин» бекемдөөгө багытталган», деп билдирди WAM мамлекеттик агенттиги.

Бириккен Араб Эмираттарынын башчысы Халифа ибн Заид Ал-Нахайян мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө кол койгону кабарланды.

Мындан бир аз мурда АКШнын ортомчулугу алдында Бириккен Араб Эмираттары Израил менен алакаларын жөнгө салган. Ушундан улам израилдык туристтердин агымы жана инвестициялар келиши күтүлүүдө.

«Associated Press» белгилегендей, бийлик бул кадамга Дубайда өтө турган дүйнөлүк көргөзмөнү утурлай барды. Быйыл күзүндө өтө турган EXPO-2020 иш-чарасы коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинки жылга калган.

XS
SM
MD
LG