Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Украинанын президенти Владимир Зеленский коронавируска чалдыкты


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин анализинен коронавирус чыкты. Бул тууралуу анын администрациясы 9-ноябрда билдирди.

«Мамлекет башчы өзүн жакшы сезип жатат жана өз милдеттерин аралыктан аткара берет», деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Ушул эле күнү Зеленский Украинада коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында жекшемби күндөрү карантин киргизилиши мүмкүн экенин жана мындай кадам экономикага өтө чоң зыян тийгизбей турганын айткан.

«Жекшемби күндөрү карантин киргизүү катаал чектөө чараларын айланып өткөнгө жардам берет», - деп айткан ал.

Саламаттык сактоо министри Максим Степанов билдиргендей, Украинада соңку 24 сааттын ичинде 8 687 адамдын анализинен коронавирус табылган.

XS
SM
MD
LG