Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:02

Коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды, 556 кишиден табылды


Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.
Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун экөө тең Ош облусунда катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1172 кишиге жетти.

Бир суткада дагы 556 кишиден вирус расмий табылды. Коронавирус расмий аныкталгандар боюнча Бишкек шаары алдыга чыкты. Баш калаада 160 кишиден илдет табылды. Андан кийин Чүй облусунда 95, Жалал-Абад облусунда 91, Ош облусунда 54, Баткен облусунда 50, Ош шаарында 42, Ысык-Көл облусунда 40, Талас облусунда 17, Нарын облусунда – 7 кишиден вирус аныкталды.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 62304 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 53 406 адам.

7-ноябрда беш медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 3640 кишиге жетти, алардын ичинен 3410 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG