Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Садыр Жапаров майрамдарга байланыштуу элге кайрылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

7-8-ноябрь - Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анын кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды.

Анда Жапаров байыркы тарыхы бар кыргыз эли далай кыйынчылыктардын башынан өткөргөнүн белгилеп, ХХ кылымдагы 1916-жылдагы каргашуу окуяларды, 1930-жылдардагы саясий репрессияларды эске салган. Кыйынчылыктарга карабай кеменгер эл катары кыргыз мамлекетин түптөөгө аракет кылганын белгилейт.

Жапаров эгемендүүлүктү алган жылдардан кийинки үч жолку элдик толкундоону тарыхый татаал жана маанилүү окуялар деп атады. Ошондой эле ал тарых терең изилдөөнү талап кылаарын айткан.

“Бүгүнкү күндө тарыхыбыз дагы терең изилдөөлөрдү талап кылат. Окумуштуу илимпоздорубузга чоң тарыхый милдет жүктөлгөн. Келечек муундар тарых китептерибизден "биз ким элек, ким болдук, ким болобуз?" деген суроолорго так жооп алуусу абзел. Бул бизди дүйнөлүк аренада эл катары орун ээлеп, өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратат. Тарыхый эс-тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт”, - деп жазылган Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон.

Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. Өлкөлдө бул күндөр расмий майрам болуп саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG