Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Австрия теракт боюнча шектүү жаран такай каттаган эки мечитти жапты


Венадагы прокуратура кандуу кол салуудан улам камалган 16 адамдын алтоо бошотулганын билдирди.
Венадагы прокуратура кандуу кол салуудан улам камалган 16 адамдын алтоо бошотулганын билдирди.

Австриянын бийлиги Венада кандуу кол салуу уюштурган Фейзулай Куртин такай каттаган эки мечитти жапты. Интеграция боюнча министр Сюзанн Рааб 6-ноябрдагы басма сөз жыйынында бул диний жайлар кылмышка шектүүнүн радикалдашуусуна өбөлгө түзгөнүн билдирди. Ал жабылган мечиттердин бирөө гана расмий каттоодон өткөнүн кошумчалады.

Австриядагы расмий таанылган ислам диний коому «тиешелүү органдар менен сүйлөшкөндөн кийин» расмий каттоодон өткөн мечит диний уюмдар тууралуу мыйзамдарды бузганы үчүн жабылганын бышыктады.

Венадагы прокуратура 6-ноябрда кандуу кол салуудан улам камалган 16 адамдын алтоо бошотулганын билдирди.

Фейзулай Куртин Братиславада ок сатып алууга аракет кылганы тууралуу словак полициясы берген ыкчам маалымат эмнеге көңүл сыртында калганы боюнча териштирүү башталды. Венадагы терроризмге каршы операцияга жооптуу мекеменин башчысы кызматтан убактылуу четтетилди.

Мунун алдында немис полициясы Венада кол салуу уюштурган ашынган исламчы менен байланышы бар деп шек саналган төрт адамдын үйүн, кеңсесин жума күнү тинтти. Күч түзүмдөрү азырынча аларга айып кое элек, алардын төрт кишини өлтүрүп, 20дан ашык адамды жаракат кылган Фейзулай Куртин менен байланышы иликтенип жатат.

Венадагы кандуу кол салуу 2-ноябрда болгон. Куралчан адам бир канча мүнөт бою жайкын тургундарды жана полицияны көздөй ок аткан. Өлкө бийлиги кан төгүлгөн окуяны теракт деп мүнөздөгөн.

Австриянын ИИМи Фейзулай Куртин бир эле убакта Австриянын да, Түндүк Македониянын да жараны экенин, өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террорчул топко кошулуу тууралуу ниетинен улам соттолуп чыкканын билдирген.

XS
SM
MD
LG