Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:23

Венгрияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланат


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгрияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланып, жаңы чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал ооруканаларды жетиштүү орун менен камсыз кылуу жана жашы өткөндөрдү коргоо үчүн чара көрүлгөнүн билдирди. Өзгөчө абал 4-ноябрдын түнү башталып, 15 күнгө созулат.

Орбан өзгөчө абалдын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартууну парламентке сунуш кыларын билдирди.

Венгрияда март айында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган.

Ашкере оңчул саясатчы катары таанымал Виктор Орбан өз бийлигин бекемдөөдө деген сынга кабылган. Өзгөчө абал учурунда венгер премьери өлкөнү парламенттин макулдугу жок эле чукул декреттер менен башкарууга мүмкүнчүлүк алат.

XS
SM
MD
LG