Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Вирус жуккан 109 адамдын абалы оор


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.

Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуккан 109 бейтаптын абалы өтө оор болуп турат. 937 бейтап оор абалда, 2256 киши орто, 56 кишинин абалы канааттандырарлык, стационарда дарыланып жатышат. Ооруканаларда жалпысынан 3367 бейтап бар. Амбулатордук негизде 3889 адам дарыланууда.

3-ноябрда өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев вирус жуккан адамдардын 80% дары-дармексиз эле айыкса болорун айтты. Ал ошондой эле өлкөдө коронавирус менен ооругандарды жогорку деңгээлде дарылоого бардык шарттар түзүлгөнүн да кошумчалады.

Сооронбаев коронавирустун кесепетинен оорусу күчөп кеткендер тууралуу да кеп кылып, «коронавирустан кийинки синдромду дарылоо, реабилитациялоо жүрүп жатат» деди.

3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алгандар 400 киши болду. Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 60 279 адамды түздү.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, вирустан акыркы бир суткада дагы төрт киши каза болду. Алардын экөө Бишкекте, экөө Баткенде. Марттан бери вирустун курмандыктары расмий эсеп боюнча 1159га жетти.

Вирус эң көп Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда тарап жатат. Бир сутка ичинде 547 киши сакайып чыкты. Жалпы бул оорудан айыккандар 51 288 адам болду.

Азыркы тапта стационарда 3367 бейтап дарыланууда. Ал эми медициналык кызматкерлердин арасынан дагы беш кишиден вирус чыкты. Дарыгерлер вирус Кыргызстанда октябрдын башынан бери улам күчөп бара жатканын айтып жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG