Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

Евразия экономикалык комиссиясы жүк ташуучулардын «кара тизмеге» киришин талкуулады


Артём Новиков Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин видеоконференциялык байланыш режиминдеги жыйынында.
Артём Новиков Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин видеоконференциялык байланыш режиминдеги жыйынында.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков видеоконференциялык байланыш режиминде Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты 31-октябрда кабарлады.

ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү отурумду ачып жатып, Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышына, ЕЭК кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерине киришүүсү менен куттукташты.

ЕЭК кеңешинин отурумунда ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктарды четтетүү, административдик мыйзам бузган кыргызстандык жүк ташуучулардын «кара тизмеге» киришине байланыштуу кырдаалды, ошондой эле ЕАЭБдин мамлекеттик сатып алууларынын бирдиктүү рыногун жөнгө салуу сыяктуу 30дан ашык маселе талкууланды. Анда кандай чечим кабыл алынганын өкмөт кабарлаган жок.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна чейин бардык маселелер боюнча макулдашуу үчүн кеңештин отурумдарын өткөрүү графигин күчөтүүнү макулдашышты.

Евразия өкмөттөр аралык Кеңешинин мурдагы жыйыны 9-октябрда Ереванда өткөн. Келерки жыйыны 4-декабрда Москвада болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG