Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жогорку сот БШКнын арызын караган жок


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын карабай, экинчи ирет кайтарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда бул ирет Боршайкомдун арыз берүү мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө келтирилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова соттон азырынча расмий билдирүү келип түшө элек экенин айтып, чечим менен таанышкандан кийин гана комментарий берилерин айтты.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган Боршайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюму менен «Актив» саясий партиясы БШКнын бул чечимине каршы арызданып, Бишкектин Административдик сотуна кайрылган. Бул сот органы Боршайкомдун чечимин жараксыз деп тааныгандыктан, БШК 28-октябрда кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот мамлекеттик алым төлөгөндүгү тууралуу далили жок деген негиз менен кассациялык арызды кайра кайтарган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG