Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:45

Пакистанда жардыруудан үч адам мерт болду


Пакистандагы коопсуздук күчтөрү.
Пакистандагы коопсуздук күчтөрү.

Жардыруу 25-октябрда өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан аймагынын борбору Кветта шаарында болду. Бул шаарда ушул күнү оппозициячыл партиялардын тарапкерлери Пакистандын премьер-министри Имран Хандын бийликтен кетишин талап кылып митинг өткөрүп жатышкан. Бул жерден бир нече чакырым аралыкта жайгашкан базардын жанында мотоциклге орнотулган жардыруучу түзмөк жарылды. Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн тасмада бир нече автоунаа күйүп жатканын көрүүгө болот.

Бул жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Пакистандын мунайга бай Белужистан аймагында улуттук же диний азчылыктарды бутага алган куралдуу топтор жана ислам согушкерлери бар.

XS
SM
MD
LG