Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:35

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» эл аралык тармакка мүчө болду


Кыргызстандагы «Журналисттик иликтөөлөр фонду» GIJN - Глобалдык иликтөөчү журналисттердин тармагына мүчө болуп кирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» фонддун аткаруучу директору Аделя Лаишева маалымат берди.

GIJN - журналисттик иликтөөлөр менен алектенген мекеме-уюмдарды өзүнө камтыган дүйнөдөгү алдыңкы биримдиктердин бири. Учурда ассоциацияга 81 мамлекеттен 203 мекеме мүчө.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган «Журналисттик иликтөөлөр фонду» 2018-жылы 14-сентябрда түптөлгөн. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Фонддун колдоосунун астында Кыргызстанда 20дан ашуун журналисттик иликтөө жарыяланган.

Уюм ошондой эле иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылып турат.

XS
SM
MD
LG