Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 23 ооган аскери мерт болду


Ооганстандын Желалабад шаары. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Ооганстандын Желалабад шаары. 15-сентябрь, 2020-жыл.

22-октябрдын кечинде Ооганстандын түштүк-батышындагы Нимроз провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочулары коопсуздук кызматкерлеринин бекетине кол салып, андан бери дегенде 23 ооган аскеринин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү губернатордун басма сөз катчысы Бахрам Хакмал билдиргендей, Хашруд районундагы түнкү чабуулдан кийин талибдер бир нече адамды барымтага алган бойдон из жашырып кетишкен.

«Талибан» кыймылы бул окуя боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Жергиликтүү бийлик Ооганстандын аба күчтөрү 23-октябрда эртең менен «Талибандын» аймактагы позицияларына сокку урганын билдирди.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары талибдер алты жоокерди барымтага алганын жазып жатышат.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтой элек. Буга чейин АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад чабуулдардын токтобой жатышы тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG