Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Жапаров Башкы прокуратуранын жамаатына жаңы жетекчи Зулушевди тааныштырды


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевди жамаатка тааныштырды.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевди жамаатка тааныштырды.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды.

Өз сөзүндө ал Жапаров Зулушев прокуратура жана сот системасында көп жыл иштегенин айтып, анын кесипкөйлүк тажрыйбасын белгиледи. Тажрыйбасы жана билими прокуратура органдарына жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууга жардам берерин, ал эми жеке курам жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтөрүнө ишенерин айтты. Прокуратура акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуудагы негизги орган экенин кошумчалады.

Зулушевдин башкы прокурорлукка талапкерлиги 21-октябрда парламентте колдоого алынып, ошол эле күнү президенттин дайындоо тууралуу жарлыгы чыккан.

Башкы көзөмөл органына жетекчи болуп 2018-жылдын апрелинде дайындалган Өткүрбек Жамшитов кызматтан өз арызынын негизинде кеткен.

Зулушев 2000-2007-жылдары Нарын жана Чүй облустарынын прокуратура органдарында эмгектенген. 2007-жылы Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Ал коомчулукка президенттин милдетин аткарып жаткан азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылы Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болгону үчүн бир нече адам кармалган. Бул ишке байланыштуу 2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG