Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Түркияда ичимдикке ууланган 49 киши мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кыркларели аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондор күндөн күнгө көбөйүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 49 киши каза болуп, ооруканада 50дөн ашык бейтап дарыланып жатканын билдирген.

Жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табыш үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү жаранды кармаган.

Тергөөдөн кийин алардын жетөө камакка алынган. Бул операцияларда полиция 16737 литр этил спиртин, 3253 литр спирт жана 2495 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти конфискациялаган.

Жергиликтүү серепчилер жарандардын жапырт ууланышына дүкөндөрдө мыйзамсыз, арзан жана тымызын сатылган алкоголдук ичимдиктер себеп болгонун айтышууда.

Ал эми Стамбулда алкоголдук ичимдикке уулануу быйыл март айында да катталган. Анда жасалма аракка ууланган 60ка жакын түркмөнстандык ооруканалардын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийинчирээк алардын дээрлик көбү каза тапкан.

Түркиялык маалымат каражаттары жабыркаган түркмөнстандыктар коронавирустан коргонуш үчүн жасалма арак ичишкенин жазып чыгышкан. (ElB)

XS
SM
MD
LG