Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Президент жаңы дайындалган өкмөт башчы жана парламент төрагасы менен жолукту


Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев жана Садыр Жапаров, 14-октябрь, 2020-жыл
Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев жана Садыр Жапаров, 14-октябрь, 2020-жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков төрага менен премьер министрди кызмат орундары менен куттуктады. Иштерине ийгилик каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишенерин айтты. Коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна жана күз-кыш мезгилине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи. Экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды да иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Президент өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин айтты.

Мурдагы депутат, 6-октябрда тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса кызматтан кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан. Жолугушуу тууралуу Жогорку Кеңештин жана өкмөтүн маалымат кызматы кабар тарата элек.

Канатбек Исаев парламент төрагасы болуп 13-октябрда, Садыр Жапаров премьер министр болуп 14-октябрда парламентте шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG