Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:22

Президент Жээнбеков Жапаровду премьерликке бекиткен токтомду артка кайтарат


Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков.
Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланган.

Анда президент өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын билдирди.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», - деп билдирген Жээнбеков.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков премьер-министр жана өкмөт боюнча маселе мыйзамга ылайык караш үчүн парламентке кайтарыларын кошумчалаган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка бир топ депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол коё элек. Президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттү дайындоо тууралуу жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Буга чейин Жээнбеков абал турукташкан соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG