Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Мадумаров: Президентти азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептейт (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 12-октябрда «Азаттык» менен болгон маегинде президент Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар «өлкөнү коркунучка кептейт» деп билдирди. Ал белгилегендей, учурда саясатчылар кандайдыр бир талап коюудан мурда өлкөдөгү кырдаалды эске алып, салмакташы керек.

«Саясатчылардан жападан-жалгыз президентти тааныбаган Мадумаров болгон. Аны мен коргогум келбейт. Мага өлкө, эл, мамлекет керек. Ал мен тааныбаган президент. Бирок бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Ошондуктан, президентти «үч күндө, беш күндө кетиши керек» дегендер өлкөнү аябагандай коркунучка салууда. Орус саясатчылары бекеринен «мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында» деп айткан жок», - деди саясатчы.

Мадумаров президент Жээнбеков кызматтан кетсе өлкөдө легитимдүү бийлик калбай каларын белгиледи. Саясатчы ошондой эле VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү эки аптадан соң бүтөрүн билдирип, ошого чейин өлкөдө толук мыйзамдуулукту орнотууга чакырды.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

XS
SM
MD
LG