Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

«Республика» партиясы саясий күчтөрдү мыйзамдуулук үчүн биригүүгө чакырды


Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында депутаттардын алдында сүйлөп жаткан учуру. Бишкек шаары. 10-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында депутаттардын алдында сүйлөп жаткан учуру. Бишкек шаары. 10-октябрь, 2020-жыл.

“Республика” партиясынын саясий кеңеши Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка шайлануусун мыйзамсыз деп эсептейт. Буга байланышкан билдирүүдө: «өкмөт башчынын жана өкмөттүн курамы шайлануусунун легитимдүүлүгү шектүү. Буга байланыштуу өкмөттүн легитимдүүлүгүн жокко чыгарып, мыйзам жолуна түшүүгө чакырабыз” деп жазылган.

Партия бардык саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын лидерлерин чогулуп, тынч сүйлөшүүлөр аркылуу элдин ынтымагын, тынчтыкты сактап калуу аркылуу мыйзамдуулукка келүү зарылчылыгын белгилеген. Ошондой эле күч кызматтарынын жетекчилерин, айрым саясий күчтөрдү оппоненттерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууга чакырган.

«Мындай аракеттер, тескерисинче коомдо чыңалууну пайда кылат. 5-октябрдагы нааразылык митингинин талабы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу. Бардык тараптарды эркин жана таза шайлоону камсыздоого чакырабыз. Элдин ынтымагы, тынчтык жана мыйзамдуулук бардык саясатчылардын жана саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынан жогору болушу керек”, деп жазылган билдирүүдө.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен. Садыр Жапаров бул чечимди легитмидүү деп эсептеп, өкмөт башчы катары милдетин аткарып жатат.

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун шайланышы мыйзамсыз болгонун, отурумга тиешелүү сандагы депутаттар катышпай, кворум болгонун, катышкан депутаттар да коркутуп-үркүтүүлөр аркылуу гана добуш берүүгө аргасыз болгонун айтып чыккан. Башка да бир катар депутаттар, юристтер кворум болбогонун, жыйында регламент тууралуу мыйзам бузулганын айтышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG