Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Жапаров журналисттерди коррупция менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды


Садыр Жапаров. 10-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров. 10-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын жаңы шайланган өкмөт башчысы Садыр Жапаров журналисттерди жемкорлук менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды. Ал бул тууралуу 10-октябрда өткөн басма сөз жыйынында «Азаттыктын» журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Мындан ары журналисттер коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мен силердин күчүңөргө таянам. Силердин жардамыңар керек. Мисалы, Али Токтакуновдун программалары сыяктуу иликтөөлөрдүн авторлоруна рахмат айтуунун ордуна, бийлик тескерисинче аларды каралаган учурлар болду. Эми ар бир журналист ошондой иликтөөлөрдү жазсаңыздар. Коррупцияны иликтеп, тактап, бирок бир тараптуу болбосун.

Журналисттик иликтөөдө жемкорлук кылганы далилденген ким кандай макамда болбосун жазага тартыларын кошумчалады.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып, Жээнбеков бул убаданы аткарарын ырастады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

XS
SM
MD
LG