Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Садыр Жапаров депутаттар алдында өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер катары сөз сүйлөөдө (видео)


Садыр Жапаров. "Ала-Арча" резиденциясы.2020-жылдын 10-октябры.
Садыр Жапаров. "Ала-Арча" резиденциясы.2020-жылдын 10-октябры.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысына жалгыз талапкер катары сөз сүйлөп жатат.

Ал өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен.

6-октябрда "Достук" мейманканасында депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталганы кабарланган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек саноо пайда болгон.

"Акыркы үмүт" деген кыймыл өкмөт башчылыкка саясатчы Өмүрбек Бабановду сунуш кылган.(TSh/RK)

XS
SM
MD
LG