Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Беларуста Тихановскаянын үзөңгүлөштөрүнүн бири кармалды


Анатолий Лебедько.
Анатолий Лебедько.

8-октябрда беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын үзөңгүлөштөрүнүн бири Анатолий Лебедькону милиция кармаганы кабарланды. Бул маалыматты Минск шаардык полициясынын өкүлү Наталья Ханусевич ырастап, оппозициячы административдик мыйзам бузганы үчүн кармалганын билдирди. Буга чейин Лебедьконун жакындары дайынсыз болуп жатканын кабарлашкан.

Тихановская оппозициячыл Бириккен жарандык партиянын мурдагы төрагасы Лебедькону конституциялык реформалар боюнча өкүлү кылып дайындагынын жарыялаган болчу.

Буга чейин ал оппозициячыл ишмердиги үчүн бир канча жолу кыска мөөнөткө камалып чыккан.

Тихановская Лебедьконун кармалышын айыптап, Александр Лукашенконун буга чейинки сөздөрү эч нерсеге татыбагынын көрсөткөнүн билдирди.

«Режим конституциялык реформаларды өткөрүүгө убада берген, бүгүн болсо Коомдук конституциялык комиссиянын ишин координация кылган Анатолий Лебедько кармалып отурат»- деп жазган «Телеграмга».

Беларуста президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган калайман каршылык акциялар эки айга жакын убактан бери токтой элек. 9-августтагы шайлоодо Лукашенко жеңүүчү деп табылган, оппозиция аны таануудан баш тарткан. Андан бери оппозициянын акциялары өтүп, бир нече активист кармалды.

Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG