Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

26 мамлекет өздөрүнө каршы санкцияларды алууга чакырышты 


Иранга киргизилген санкцияларды алууну талап кылган акциянын катышуучулары. Март, 2020-жыл.
Иранга киргизилген санкцияларды алууну талап кылган акциянын катышуучулары. Март, 2020-жыл.

АКШ жана Батыш мамлекеттери санкция салган 26 мамлекет коронавирус пандемиясына каршы күрөштө жеңилдик катары чектөөлөрдү алууга чакырышты.

Бул чакырыктын башында турган Кытай 5-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын Адам укуктары боюнча комитетинде сөз сүйлөп, санкциялар бул уюмдун уставына каршы келерин жана адам укуктарын бузуп жатканын айтты.

Кайрылууну Батыш менен Вашингтон санкция киргизген Орусия, Сирия баштаган 26 мамлекет колдоду.

Ал арада Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) пандемиянын кесепеттерин жоюу иштери үчүн жакыр мамлекеттерге чукул жардам берүү боюнча чечим кабыл алды.

Чечим Европада коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу аймактагы бир катар мамлекеттерде карантин чектөөлөр күчөгөн маалга дал келди.

XS
SM
MD
LG