Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Караколдо акимчиликтин алдында 200дөй киши чогулуп турат


Караколдо чогулгандар.
Караколдо чогулгандар.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 200гө жакын адам чогулуп турат. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, чогулгандар менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев жолугуп, бул маселе боюнча мыйзамдын чегинде чечилиши керек экенин билдирген.

Ошондой эле акцияга чыккандар Бишкекке чыгыш үчүн автоунааларды даярдап жатышат.

Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери акцияга чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш чыкты. Учурда баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар уланууда.

XS
SM
MD
LG