Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Абдрахматова: арыздардагы маалыматтар аныкталса шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоонун жыйынтыгы кандай учурда жокко чыгарылары тууралуу маалымат берди. Ал 5-октябрда «Азаттыктын» түз эфирдеги «Эксперттер талдайт» телеберүүсүнө катышкан учурда мыйзам боюнча шайлоо жыйынтыгы арыздардагы маалыматтар аныкталса жокко чыгарыларын түшүндүрдү.

«Мыйзам боюнча шайлоо өткөндөн кийин үч күндүк мөөнөттө добушканалардагы мыйзам бузуу фактылары боюнча арыздар аймактык жана Борбордук шайлоо комиссияларына тапшырылышы керек. Эң биринчи кезекте аны аймактык шайлоо комиссиялары карап, эгерде чындап эле мыйзам бузуу болду деп аныкталып, табылса, ошол тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга укук бар. Андан сырткары БШК шайлоонун жалпы жыйынтыгын чыгарып жатканда ошол шайлоо тилкелериндеги добуш берген адамдардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн добуштарын жокко чыгарган болсок, анда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылат».

Ушул эле күнү «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «эгер БШКнын 12 мүчөсүнүн бешөө эле каршы болсо, шайлоо жыйынтыгы бекитилбей калат» деп билдирген.

Бүгүн, 5-октябрда алдын ала жыйынтык боюнча шайлоодо жети пайыздык чектен өтпөй калган 12 саясий партия БШКдан 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүүгө кол койгон.

Кол койгондордун арасында «Мекенчил» партиясы жана «жети пайыздык чектен өткөнү» белгилүү болгон «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да бар экени бүгүнкү митингде айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. Боршайком шайлоону таза өткөрүш үчүн бардык шарт түзүлгөн деп эсептейт. Өкмөт мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир этпей турганын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG