Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Өзгөндө киши колдуу болгон маркумдун жакындары өлүмдүн чоо-жайын териштирет


Мырза-Аке айылы, маркумдун үйү. 1-октябрь, 2020-жыл.
Мырза-Аке айылы, маркумдун үйү. 1-октябрь, 2020-жыл.

30-сентябрь күнү Өзгөндө мушташтан каза болгон Замирбек Ормон уулунун жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин ырасташты. Маркумдун тууганы (атасынын агасы) Чолпонбай Жумалиев «Азаттыкка» билдиргендей, ал үгүтчү болуп бир күн иштеген.

«Анын өлүмүн Орусиядагы карындаштарыбыздан уктум. Кечээтен бери сөөктү жерге берип атабыз, эртеңден тартып киришебиз. Кайсы бала, эмне болгон, кандай экенин териштирип мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бул жеке чатак болдубу, башка нерсе болдубу же саясий иш болдубу - азырынча кабарыбыз жок», - деди ал.

Жакындарынын айтымында Замирбек Ормон уулу жети-сегиз жеринен бычакталган. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган. Ал 29-сентябрдын түнү алкоголдук ичимдик ичкен эки адам пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин, жанындагылар ажыратып жетишкенче алардын бири экинчисин учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жибергенин билдирген.

Аширбаев бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын, шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

Милиция Замирбек Ормон уулу «Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага бергенин, ал эми кылмышка шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок экенин аныктаган.

«Республика» партиясы 1-октябрда маалымат таратып, Өзгөндө өлтүрүлгөн Замир Ормон уулу партиянын тарапташы болгонун жазды. Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржановдун атынан таратылган кайрылууда бул кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлүп жатканы белгиленген.

Ошол эле күнү «Мекеним Кыргызстан» партиясы Ош облусунун Өзгөн районундагы кандуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди. Партиянын өкүлү Элнура Алканова «Азаттыкка» окуяга аралашкан кишилердин партия менен эч кандай байланышы жок экенин айтты. Партиянын аты бул окуяда аталышын ал «чагым» деди.

25 жаштагы Замирбек Ормон уулунун артында бир уулу, жубайы калды. (DU/ZkO)

XS
SM
MD
LG