Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

COVID-19: Акыркы суткада дагы бир өлүм катталды


Кыргызстандагы ооруканалардын биринен тартылган сүрөт. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы ооруканалардын биринен тартылган сүрөт. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-октябрдагы маалыматына караганда, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары расмий эсеп боюнча 1065 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан.

Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун эсеби кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Акыркы күндөрдө вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалууда. Соңку бир күндө илдет 172 кишиден табылып, пандемия башталгандан бери вирус жугузгандар 46871 кишини түздү. (NT)

XS
SM
MD
LG