Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

АКШда президенттикке талапкерлердин телетаймашы башталат


Жо Байден менен Дональд Трамп.
Жо Байден менен Дональд Трамп.

29-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байдендин алгачкы телетаймашы болот. Президенттик шайлоого беш жума калганда уюштурулган телетаймаш Огайо штатындагы Кливленд шаарында өтөт. Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден Трампка каршы ушул аптада «New York Times» гезити жазып чыккан иликтөөнү колдонот деп күтүлүүдө. Басылма жарыялаган иликтөөгө ылайык Трамп 2016-жылы, жаңыдан президент болгондо 750 доллар өлчөмүндө гана федералдык киреше салыгын төлөгөн. Кийинки жылы деле ушунча суммадагы акча төккөн.

Басылманын колуна Трамптын соңку 20 жылдагы салык декларацияларындагы маалымат тийген жана анда Трамп 2001-2015-жылдары такыр федералдык киреше салыгын төлөбөгөнү жазылган.

Трамп 27-сентябрдагы басма сөз жыйынында бул маалыматты «фейк, жалган» деп атап, салык декларациясы тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн да баш тарткан болчу.

Байдендин командасы бул маалыматты шайлоо тасмаларында колдонууда. Бул жолку дебатты 100 миллион көрөрман көрөрү күтүлүүдө. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG