Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Венгрия да кошулду


Эл аралык «Манас» аэропорту.
Эл аралык «Манас» аэропорту.

Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Венгрия да кирди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Азаттыкка»​ билдиргендей, уруксат берүүдө башка мамлекеттердеги коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал эске алынып жатат.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө жалпы 33 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат бар. Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен бул тизме айына эки жолу текшерилип, толукталып турат.

Алгоритм боюнча сырттан келгендердин дене табы текшерилип, оорунун белгилери бар жарандар изоляцияга алынат, изилденип чыккандан кийин гана аларды өлкөгө киргизүү маселеси чечилет.

Кыргызстанга кирүүгө мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси:

1. Орусия;

2. Грузия;

3. Азербайжан;

4. Армения ;

5. Беларус;

6. Казакстан;

7. Түркмөнстан;

8. Белгия;

9. Австрия;

10. Улуу Британия;

11. Германия;

12. Ирландия;

13. Исландия;

14. Италия;

15. Латвия;

16. Литва;

17. Лихтенштейн;

18. Люксембург;

19. Португалия;

20. Түркия;

21. Швейцария;

22. Швеция;

23. Катар;

24. Бириккен Араб Эмираттары;

25. Кытай;

26. Малайзия;

27. Түштүк Корея;

28. Пакистан;

29. Словения;

30. Кувейт;

31. Жапония;

32. Өзбекстан;

33. Венгрия.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү ушул жылдын 19-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салган. Эл аралык авиакаттамдар, темир жол, автоунаа каттамдары токтотулган. Бир катар мамлекеттер менен аба каттамдары сентябрдын башынан тартып ачылган. (NT)

XS
SM
MD
LG