Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

Польша экстремизм боюнча шек саналган тажик жарандарын депортациялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Польша «Ислам мамлекети» террорчул тобу менен байланышы бар деп шек саналган беш тажик жаранын өлкөдөн чыгарды. Аларга Шенген аймагына кирүүгө тыюу салынды.

Ушул жылдын май айында Польшанын бийлиги «Ислам мамлекети» террорчул тобунун идеяларына шыктанып жүргөн, согушкерликке үндөгөнгө аракет кылган деген шек менен төрт тажик жараны кармалганын билдирген. Дагы бири кийинчерээк колго түшкөн.

Анын алдында Албанияда Германия террор үчүн айыптаган тажик жараны Интерполдун жардамы менен колго түшкөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал 24 жаштагы Комром Зухуров аттуу адам экенин, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөсү деп шек саналып жатканын жазып чыгышкан.

Германияда 15-апрелде «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү деген шек менен Тажикстандын төрт жараны камакка алынган. Полиция алар Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ар кайсы жерлеринен колго түшкөнүн, Германиядагы АКШнын аскердик жайларына кол салууну көздөп жүрүшкөнүн билдирген. Колго түшкөн 24-32 жаштагы жарандар Германияда качкын катары жашап жатышкан.

Прокурорлордун айтымында, алар алгач өз мекенинде кол салуу уюштурууну көздөшкөн, кийин оюн өзгөртүп, Германиядагы АКШнын аскердик жайларын жана ислам динин сындаган деген бир адамды бутага ала башташкан. Алар Сирия менен Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жогорку даражалуу эки өкүлү менен такай байланышып жүрүшкөн.

Тажикстан Европада камакка алынып жаткан жарандарына байланыштуу комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG