Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Тажикстан: жообунан суроосу көп чабуул


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (4-11-ноябрь).

"The Diplomat" журналы тажик-өзбек чек арасында 6-ноябрдагы кол салуу боюнча түкшүмөл суроолор көп, бирок маалымат аз болуп жатканын жазып чыкты.

Макаланын автору Кэтрин Пуз: "Бир билгенибиз, Душанбеден 60 чакырым алыс жайгашкан Рудаки районундагы чек арада төрт унаа, бир нече кишинин катышуусу менен куралдуу кагылыш болду. Кол салгандардын 15и өлтүрүлгөнү, төрт-бешөө кармалганы айтылды. Козголоңчулар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөлөрү деген маалымат берилди. Бул окуя боюнча так маалыматка караганда жоопсуз суроолор көп. Кол салгандар кандай куралданган эле? Ички иштер министрлиги 5-6 эле мылтык табылганын билдирди. Куралы ушунча аз топ кантип куралы мол чек ара бекетине кол салды? Төрт машине Ооганстандын чегинен бери кантип келип калышты? Эгер алар 3-ноябрда ооган чегинен тажик жергесине келишсе, 6-ноябрга чейин кайда жашынып жүрүштү? Эмнеге тартип сакчылары аларды байкаган жок? Тажикстандын түштүгүндөгү жолдордо жыйырмадай жоочу төрт машине менен кербен болуп, куралданып баратканда кантип тажик милициясы көрбөй калды? Эгер алар чын эле "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү болсо талаптары кандай эле?". Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп жок.

Жакында эле АКШнын Мамлекеттик департаменти 2018-жылдагы терроризм боюнча бир жылдык отчетту чыгарды. Анда Тажикстан "террордук коркунучу жогору өлкө" катары сүрөттөлөт. Себеби 2018-жылдын 29-июлунда велосипедчен төрт чет элдик туристке кол салуу болгон. Августта ооган чек арасында эки тажикстандык токойчу өлтүрүлдү. Аларга Ооганстандан же Орусиянын аскерий базасынан ок чыгарылганы белгисиз бойдон калды. 4-ноябрда Душанбедеги орусиялык аскер дивизиясына бомба чабуулун жасайт деп шектелип, 12 адам камакка алынды. 7-ноябрда Хоженттеги түрмөдө козголоң чыгып, аны "Ислам мамлекети" тобу уюштурду деген кабар тарады. Тажик бийлиги террордук коркунучка байланышкан маалыматты бурмалап келет. Көбүнчө оппозициялык партияларга жоопкерчилик жүктөлөт. 6-ноябрда чек арада болгон окуя Тажикстандын Конституция күнүнө дал келип, ал маалда президенти Эмомали Рахмон 12-ноябрга чейин Европада иш сапар менен жүргөн", - деп жазат.

Араңжан кыргыз экономикасы

"Eurasinet" басылмасында аналитик Сэм Бхутиянын кыргыз экономикасын талдаган макала жарык көрдү.

Автор: "Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2019-жылдын алгачкы тогуз айында экономика былтыркыга салыштырмалуу 6,1% өскөнүн кабарлады. Ушундан улам кыргыз экономикасы өкмөттүн атаандаштыкты өнүктүрүү деген саясатынан улам шайма-шай өнүгүп жаткандай сезилет.

Тилекке каршы, чыныгы абал мындай эмес. 2018-жылга салыштырмалуу экономикалык көрсөткүчтөр 1,5 пайызга гана өстү. Мунун себеби 2018-жылы кыргыз экономикасынын түркүгү болгон "Кумтөрдөгү" өндүрүш 43% болсо, быйылкы көрсөткүч 64% чыкканында. Жыл башында экономикалык өсүш 3,5% болот деген божомол бар эле. Экономикадагы туруктуу өсүштүн белгиси - аны өргө тарткан өндүрүштө. Кыргызстанда мындай ири өндүрүш "Кумтөр" менен эле чектелүүдө. Кокус дүйнөлүк базарда алтындын баасы түшүп кетсе, же "Кумтөрдөгүлөр" иш таштаса анда араңжан кыргыз экономикасы чөгөлөп, сомдун куну да качат.

Дүйнөлүк банк 2017-жылы Кыргызстандын жалпы экспортунун 40% "Кумтөрдүн" алтыны экенин белгилеген. Дагы бир маанилүү жагдай - Орусиянын экономикасы. 2014-жылы Орусияда иштеген кыргыз мигранттары которгон акча 2,2 миллиард доллар болгон. 2015-жылы 1,7 миллиардга түшкөн. Бийлик бутактарындагы коррупция, тынчыбаган саясий кырдаалдан улам Кыргызстанга чет жактан ири инвестиция тартуу да мүмкүн болбой жатат. Андыктан мигранттар салган акча менен "Кумтөрдүн" көрсөткүчтөрү экономиканын оор жүгүн тарта албай келет", - деп жазды.

Майлуу-Суу - дүйнөдөгү абасы эң начар жер

"Deutsche Welle" агенттиги Майлуу-Суудагы радиоктивдүү калдыктар тууралуу атайын баяндама жарыялады. Аймактагы миллиондогон кубметрлик уран калдыктарынан аккан чоң дарыя Кыргызстанды гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүн радиоактивдүү заттар менен булгашы мүмкүн экенин баяндаган кабарчы Майлуу-Сууну дүйнөдөгү абасы эң булганыч аймак деп атады.

Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жер
Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жер

"Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктары менен Советтер Союзунун өзөктүк куралдануу саясатынан улам Кыргызстанда курулуп калган бул шаарча азыр бүтүндөй Борбор Азия аймагына коркунуч жаратууда. Анда жашаган миңдеген адамдар көчүп кеткен. Каражаты жоктугунан улам кала бергендердин жарымынан көбү өсмө оорулары, эндокринологиялык дарттар менен алпурушууда. Майлуу-Суудагы уран калдыктарын тазалоого болжол менен 30 миллион евро керек. Эл аралык фонддор азырынча бул көйгөйдү кыйгап өтүүдө. Бирок экологдор Майлуу-Суунун кесепети оор болорун тынбай эскертип келишет", - деп жазды баяндамачы.

Дүйнө эмнеге тынчыбай жатат?

Британияда чыккан "Economist" басылмасы экономиканы, демографияны, социалдык медианы, саясатты, климатты сындап, көчөгө агылган дүйнө элинин саны барган сайын арбып баратканын жазды.

Ирактагы демонстрация
Ирактагы демонстрация

"Акыркы апталарда Жер шарынын бардык аймагында массалык демонстрациялар өттү. Алжир, Боливия, Каталония, Чили, Эквадор, Франция, Гвинея, Гаити, Гондурас, Гонконг, Ирак, Казакстан, Ливанда эл көчөгө чыгып, 1-ноябрда Пакистанда он миңдеген адамдар "өкмөт башчысы Имран Хан 48 сааттын ичинде бийликтен кетсин" деген талап менен Исламабаддын көчөлөрүн ээлешти.

1980-90-жылдары Азия менен Европада "элдик бийлик" орнотулгандан бери дүйнө мынчалык көп каршылык акцияларын көрө элек болчу. Бирок ал маалда эл бирдиктүү идея, экономикалык реформалар үчүн чыккан. Азыр эл койгон талап өзгөрүүдө. Маселен, Ливандын эли "WhatsApp" сыяктуу уюлдук тиркемелерге бийликтин ашыкча салык салуусуна каршы чыкса, Гонконгдо Кытайдагы кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоого жол бербөөнү, Британияда эл экинчи Брекзит референдумун талап кылып жатат. Ушундан улам азыркы каршылык акцияларын экономикалык, демографиялык жана ар түрдүү идеялар үчүн деген топторго бөлсө болот. Ошондой эле учурда адамдар добушу алсыз болуп жатканынан улам бийликке жеткирүүнүн жалгыз жолу катары көчөгө чыгууну тандап жатышкандай" - деп баяндайт басылма.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG