Эгемендик жана "евразиячыл интеграция"
Шайлоого бараткан, бийликчил «Биримдик» партиясынын лидери, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Марат Аманкуловдун «Евразиячыл интеграция» тууралуу билдирүүсү чуу жаратты. Социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сөзү Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары бааланып, аны бир катар саясатчылар менен активисттер кескин сындап чыгышты. Мындан тышкары Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында “Кул болбо!” аттуу нааразылык акциясы өттү. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан тасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп атап, сөздөрү бурмаланып калганын билдирүүдө. Бийликчил партиянын лидеринин билдирүүсүнүн төркүнү эмнеде жана ал эгемен өлкө үчүн кандай тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн? Талкууга конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, саясий серепчилер Алмазбек Акматалиев жана Эмил Жураев катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?
-
Январь 16, 2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?