Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Орусияда укук коргоочулар дайынсыз жоголгон чечен активистин табууну талап кылууда


Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмунун логотиби.
Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмунун логотиби.

Орусиялык укук коргоочулар уурдалып кетти деп эсептелип жаткан 19 жаштагы чечен активисти Салман Тепсуркаевди табууну орус бийлигинен талап кылууда. Бул тууралуу билдирүү Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмунун сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө Тепсуркаевдин жоголушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп-козголбогону боюнча тергөө органдарына суроо узатылат. Укук коргоочулар чечен бийлигин сындагандарга карата кылмышка баргандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылышат.

«Чеченстандагы адам укуктарын бузуу барган сайын терс мүнөз алууда жана каардуу формага өтүүдө. Биз Орусиянын бийлигин муну тез арада токтотууну жана жооптуулардын жазага тартылышын талап кылабыз»,-деп жазылат билдирүүдө.

7-сентябрда өзүн Салман Тепсуркаев деп атаган өспүрүмдүн жылаңач болуп, бөтөлкөгө отуруп жаткан видеосу жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Жигит өзүн Телеграмдагы «1ADAT» деп аталган оппозициялык каналдын администратору катары тааныштырган. Топту «маскара иштерди жасаган жаман топ» деп атаган. Видеонун соңунда Тепсуркаев чечендерге туура келбеген кадамы үчүн өзүн жазалап жатканын, башка администраторлорго эстафета узатып жатканын айткан.

«1ADAT» каналынын өкүлү «Кавказ.Реалии» сайтына билдиргендей, Тепсуркаев анда администратор болгон эмес, Чеченстандагы оппозициялык кыймылдын активист катары гана каналды бир аз башкарып турган. Атын атабаган маектеш видео Тепсуркаевдин аккаунтунан жалпы чатка келгенин кошумчалаган. Анын алдында Салман Тепсуркаев «кадыровчулар аны келип алып кетишкенин» жазган, андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

«Азаттыктын» «Кавказ.Реалии» кызматы Чеченстандын жетекчисине караштуу адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу аппаратына комментарий сурап кайрылган. Акыйкатчынын кеңсеси, факт боюнча кабары бардыгын, бирок жабырлануучу жана анын жакындары алардан жардам сурап кайрылбаганын айтышкан.

Телеграмдагы оппозициялык «1ADAT» каналы уку коргоо органдарында өз булактарына таянуу менен Чеченстандагы кармалган жана уурдалган адамдар тууралуу жазып турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG