Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:13

БШК Аравандагы окуяга милициянын териштирүүсүнөн кийин баа берет


Жеринен тартылган тасмадан алынган скриншот.
Жеринен тартылган тасмадан алынган скриншот.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Аравандагы окуя боюнча маселени күч түзүмдөрүнүн териштирүүсүнөн кийин карайт. Мындай чечим БШКнын 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди:

«Укук коргоо органдары териштире башташты. Менин пикиримде алар эртеңден калбай териштирүүнүн тыянагын бериши керек. Иштин чоо-жайы, үгүт маалында ким келип тополоң кылып элге зыяны тийгени боюнча маалымат берет. Ошонун негизинде ал партияга же талапкерге чара көрүлөт».

Абдрахматова БШК шайлоого байланышкан маселени үч күндөн беш күнгө чейин карашы зарыл экенин айтып, укук коргоо органдары тергөөнүн жыйынтыгын кечиктирбеши керек экенин белгиледи.

Мындан тышкары, жыйында БШК кайрылуу таратып, саясий партиялар бири-биринин үгүт иштерине жолтоо болбошу керек экенин эскертти.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG