Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Аравандагы мушташтын чоо-жайы


Жеринен тартылган тасмадан алынган скриншот.
Жеринен тартылган тасмадан алынган скриншот.

Аравандагы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрүнүн мушташынан 13 киши жабыркап, алардын алтоо Араван аймактык ооруканасында, бирөө Оштогу ооруканада жатат.

Жабыр тарткандардын арасында эки партиянын тең тарапташтары бар. Алар окуя үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат. Окуядан кийин райондук милициянын башчысы кызматтан алынды.

20-сентябрь күнү кечкурун Аравандын Юсупова атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов 100гө чукул жергиликтүү тургунга үгүт жүргүзүп жаткан учурда мушташ чыккан.

Үч жаран убактылуу кармоочу жайда

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери жергиликтүү башка талапкерди жамандап сүйлөй баштаганда жердештери, туугандары туура эмес кабыл алып, анын айынан чыр чыгып кеткенин билдирди.

Жеңишбек Аширбаев.
Жеңишбек Аширбаев.

«Чатакка катышкан 30га жакын жаран суракка чакырылды. Мушташты баштаган үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дагы экөөнү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Тергөө тарабынан жараат алган жарандарга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жаңжал учурунда ар түрдүү зыянга учураган беш автоунаанын чыгымы бүгүн такталып жатат».

Аширбаевдин айтымында, урушка катышкан эки үй-бүлөнүн (Файзуллаевдер менен Маннановдордун) ортосунда мурдатан эле жаңжал болуп келген. Ал буга чейин да «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда келишпестик болуп, кийин жайгарылганын кошумчалады.

«Бактыбыз бар экен, тирүү калдык»

Араван аймактык ооруканасында уруштан жабыркаган алты киши жатат. Алардын арасында «Биримдик» саясий партиясынын талапкери Шүкүрулло Файзуллаевдин инилери Зикирулло, Зубайдулло Файзуллаевдер да бар.

Зикирулло Файзуллаев.
Зикирулло Файзуллаев.

Алардын улуусу Зикирулло «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапкерлеринен таяк жегенин гана айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

«Мени «Мекеним Кыргызстан» партиясынын балдары уруп кетти», - деди Зикирулло Файзуллаев.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы, токмоктон мээси чайкалып, мурду сынган Момунжан Алимов ошол эле ооруканадагы коңшу бөлмөдө жатат. Ал чыр талапкердин жанына келип, үгүткө тоскоолдук кылган баланы четке жылдыргандан улам ырбап кеткенин айтууда:

Момунжан Алимов.
Момунжан Алимов.

«Жанагы баланы сыртка чыгарганда тууган-уруктары баары келип, баланы башына урдубу, иши кылып топ-топ болуп уруш чыгып кетти. «Биримдиктин» баш кийимин кийип, кирип келгендер ошолордун балдары, Файзуллаевдин туугандары. Таяк, таш менен ургандар болду. Эмне менен урганын билбей калат экенсиң. Мени эки киши: бирөө башыма, бирөө мурдума уруп кетти. Жатып калган баланы коргогону барганымда мурдума тийди. Аны аял кишилер кыйкырып-өкүрүп атып сактап калышты. Болбосо башына келип уруп атышты, бир нерсе болушу мүмкүн эле. Жакшы, өлүмжитим болгон жок, биздин бактыбыз бар экен».

Момунжан Алимовдун уулу Мухриддин Алимовдун айтымында, ал партиянын жолугушуусуна барган эмес. Бирок атасы ооруканада жатканын угуп, жолдо баратканда таш бараңга алынганын, топ балдар жолдо тосуп, машинесине таш ыргытышканда качып кутулганын билдирди:

Мухриддин Алимов.
Мухриддин Алимов.

«Ушул бурулушта 50-60 бала көптөп таш бараңга алды. Машиненин айнектерин сындырышты. Союлдар менен уруп, мени жок эле жерден токмоктошту. Мен чогулушка да барган эмесмин, башкасын да кылган эмесмин. Мага телефон чалып «атаң ооруканада» деп айтышканынан келе жаткам. Бурулушта даяр турушкан экен. Бир «Портерде» толо таш бар экен. Союлдар менен мурдума, башыма урушту».

Төбөлөштө таяк жеп, Алимовдор менен кошо ооруканада жаткандар өз коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдиришти. Аймактык ооруканада бир нече милиция кызматкери да жүрөт.

Оорукананын дарыгери Мамадияр Авазали уулу бейтаптардын абалы жөнүндө мындай маалымат берди:

Мамадияр Авазали уулу.
Мамадияр Авазали уулу.

«Алты бейтаптын абалы орто. Алтоонун тең мээсине доо кеткен. Тагыраагы мээси чайкалган. Экөөнү мурду сынган, бир бейтаптын манжасы сынган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы. Керектүү дары-дармектерди алып жатышат».

Ал арада коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сактан Исмаилов иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, дагы бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартыларын билдирди.

Окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары расмий билдирүү таратышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясы тараткан маалыматта: «Окуя болгон жердеги көптөгөн видеолордон чатак чыгаруучу ким экени жана окуя кандай болгону даана көрүнүп турат. Биз бул иш калыс жана бейтарап каралат деп үмүттөнөбүз», деп айтылат.

Ал эми «Биримдик» партиясы жаңжал тууралуу билдирүүсүндө «укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктай турганына» ишенерин жазды. «Бул албетте, маанилүү. Чагым салгандар мыйзамга ылайык катаал жазага тартылышы керек», деп айтылат «Биримдик» тараткан маалыматта.

«Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болуп жаткан аравандык Шүкүрулло Файзуллаев Юсупова айыл өкмөтүн 14 жылдан бери жетектеп келет. Тизмеде ал 74-орунда турат. Коомчулукта анын бир туугандары эт багытында иш жүргүзүп келатышканы, Араванда таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири экени айтылат.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ат салышып жаткан аравандык Илхом Маннанов тизмеде 33-орунда. Ал катардагы участкалык милициядан Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон. Ал Араван айылындагы базардын айрым бөлүктөрүнүн бейформал ээси экени айтылат.

Араванда эки партиянын тарапкерлери мушташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

XS
SM
MD
LG