Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Кызытманы жашырыш үчүн пара алган эл аралык функционер соттолду


Ламин Диак.
Ламин Диак.

Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык биримдигинин мурдагы президенти Ламин Диак төрт жылга кесилип, 500 миң евро айып төлөй турган болду. 16-сентябрда Франциянын соту Диакты орусиялык спортчулардын анализинен табылган кызытманы (допинг) жашыруу максатында пара алган деп тапты.

«Guardian» басылмасы жең ичинен алынган 4,1 млн. доллардын бир бөлүгү спорт функционеринин мекенине, саясий үгүт ишин каржылоого жумшалганын жазды. Ошондой эле басылма 2010-жылдан бери уланган коррупциялык ишке кеминде 200дөй орус атлети аралашканын маалымдады.

Африканын Сенегал өлкөсүнөн чыккан 87 жаштагы Ламин Диак жеңил атлеттер биримдигин 1999-2015-жылдары жетектеп турган. Соттук териштирүү учурунда ал коррупцияга байланыштуу айыптоолорду четке какты.

Иликтөө башталганда Франциядан Сенегалга качып кеткен анын уулу Папа Массата Диак да беш жылга кесилди.

XS
SM
MD
LG