Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

Кара-Сууда мугалимдерден ондон шайлоочу алып келүүнү талап кылган билдирүү териштириле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Интернетте мугалимдерди ондон шайлоочу алып келүүнү талап кылган аял кишинин үнү тараган.

14-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү муну Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Жоруктар жөнүндө кодекстин 87-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу») негизинде сотко чейинки териштирүүнү баштады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев үндү аныкташ үчүн техникалык экспертиза дайындаларын билдирди:

«Аты аталган мугалимдер чакырылып суралып, үн кимге таандык экенин тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Атайын техникалык экспертиза дайындалышы керек. Учурда техника өнүккөн маалда бирөөнүн үнүн оңдоп же жасап коюш оңой. Ар кайсы жагын эске алып, териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз».

Басма сөз катчы билдирүүдө аты аталган мугалимдер Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү Сыдык Алайчы мектебинде эмгектенерин билдирди. Интернетте жана айрым басылмаларда билдирүүнүн ээси «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүн шайлоого чейин башкарып келген Гүлайым Машрапова деп божомолдошту.

Машрапова «T-медиа» басылмасына берген интервьюсунда мектепке барганын, бирок билдирүүнүн ээси эмес экенин айткан.

Буга чейин 8-сентябрда Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкирилло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. Партиянын расмий өкүлү бул маалыматты четке каккан. (DU)

XS
SM
MD
LG