Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Путин Лукашенкого 1,5 миллиард доллар насыя тууралуу убада берди


Владимир Путин менен Александр Лукашенко.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко.

Бүгүн, 14-сентябрда Сочиде Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолукту. Анда Путин Минскиге «ушундай кыйчалыш абалда» 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берди.

«Биз Беларусту жакын өнөктөш катары карайбыз. Сиз биздин позициябызды билесиз: биз беларустар сырттан көрсөтмөсү жана басым-кысымы жок, тынч жагдайда, диалог аркылуу бул жагдайды өздөрү жөнгө салышына тилектешпиз», - деди Путин.

Лукашенко өз кезегинде Путинге ыраазчылык билдирди. «Сиз өтө адамгерчиликтүү мамиле кылдыңыз. Ошондуктан мен жеке өзүңүзгө, бизге, шайлоодон кийинки жагдайда колдоо көрсөткөн орусиялыктардын баарына ыраазычылык билдирем. Мен эмне болгонун төкпөй-чачпай айтып берем. Анын баары албетте, жалпыга маалымдоо каражаттары жазганчалык эмес», - деди Лукашенко.

Лукашенко Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕЭАБ) жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынында өз өлкөсүндөгү соңку кырдаал тууралуу билдирүү кылууга убада берди.

Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган калайман каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG