Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:46

Алматыда чогулгандар бийликке талап коюшту


Алматыдагы акция. 13-сентябрь, 2020-жыл
Алматыдагы акция. 13-сентябрь, 2020-жыл

Жекшембиде Казакстандын бир нече регионунда нааразылык акциялары өттү. Алматыда 200дөй киши элдин банктарга карызын кечүүнү, саясий туткундарды бошотууну, чет элдиктерге жер сатууга тыюу салууну талап кылышты. Бийлик уруксат берген митингде Кытайга каршы ураандар да жаңырды.

Алматыдагы акцияны оппозициялык «Казакстандын демократиялык партиясын» түзүү демилгесин көтөргөн топ уюштуруп, бир миң киши катышарын айтышкан.

Топтун башында активист жана журналист Жанболот Мамай турат. Бирок «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, ага 200дөй гана киши келди. Атайын бөлүнүп берилген жерде коронавируска каршы чаралардын алкагында чогулгандардын дене табын ченешти. Катышуучулардын көбү беткап тагынып жүрдү.

Алматыдагы митинг: "Токаев менен Назарбаев кетсин"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Митингчилер өкмөттү эл алган насыяга мунапыс жарыялап, жарандардын банктарга карыздарын кечүүгө чакырышты.

Насыяны кечүү маселесин «Казакстандын демократиялык партиясын» түзүү тобу бир нече айдан бери козгоп келатат. Сынчылар бул идеяны "популисттик" деп эсептешет. Митингде Мамай мындай сынды четке кагып, арасында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана олигархтар акционер болгон банктарга миллиарддаган доллардык жардам бөлгөн мамлекет пандемиядан улам кыйын абалга кептелген элге да жардам берүүгө тийиш деп айтты.

Казакстанда коронавирус пандемиясын ооздуктоо максатында быйыл эки ирет карантин жарыяланган. Активист Юрий Маленьких карантин жылдардан бери чечилбей жаткан экономикалык жана социалдык маселелердин бетин ачканын белгилеп, «калктын жакырланып жатканын көргөздү, бийлик кетиши керек» деген оюн айтты.

Алматы акимиатынын өкүлү Мамайга "митинг күн тартибинен алыстап жатат" деген эскертүү жасаганы маалым болду.

"Эмнеге бийликти сындабайбыз? Эгер калктын талаптарын аткарбаса кетишсин. Калктын талаптарына кулак салбаса, алар башчы болууга ылайыктуу эмес" - деди активист.

Шаардын коомдук өнүгүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Айдар Есенбеков эскертүү бергенин «Азаттыктын» кабарчысына бышыктады.

Чогулгандар жер тилкелерин чет өлкөлүктөргө ижарага бербөөгө, 2016-жылы өкмөттүн реформасына каршы чыгып соттолгон Макс Бокаевди, 2006-жылы Шаңырактагы окуялардан кийин 18 жылга кесилген Арон Атабекти бошотууга үндөгөн плакаттарды кармап турушту. Укук коргоочулар экөөнү тең саясий тутундардын тизмесине киргизишкен. Казак бийлиги өлкөдө "саясий туткундар жок" деп келатат.

Митингдин уюштуруучулары «Кытайдын экспансиясы» тууралуу да кеп козгошту. Ал өлкө менен экономикалык келишимдердин жабыктыгы, Бээжиндин Шинжаңдагы мусулмандарды, арасында казактарды басмырлоосу Кытайга каршы маанайды күчөтүүдө. Расмий Нур-Султан ири инвестор болгон Кытайдын дарегине сын айтуудан карманат.

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңдагы куугунтуктоолор тууралуу кабарлар "чындыкка дал келбесин" айтып жүрөт. Жакында аскердик тармактагы кызматташтык тууралуу комментарийлердин биринде элчи эки мамлекеттин куралдуу күчтөрү «түстүү революцияларга» каршы бирге чыгып жатканын айтып, активисттер муну Казакстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалашты.

Бул коңшу өлкөдө тынч чогулуштар тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенден бери алгачкы санкцияланган митинг болду. Бийлик мыйзамды "прогрессивдүү" деп атаганы менен сынчылар документ "эл аралык стандарттарга төп келбейт" деп белгилешет.

Алматыдагы митинг эки саатка созулду. Мамайдын тарапташтары уюштурган акциялар жекшембиде башка бир нече шаарда да өттү.

XS
SM
MD
LG