Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

Дагы үч медициналык кызматкерден коронавирус табылды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Медицина кызматкерлери иш үстүндө. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Медицина кызматкерлери иш үстүндө. Июль, 2020-жыл.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын экөө Жалал-Абад, бирөө Талас облусунда. Ал эми сутка ичинде ооруканадан төрт жана үй карантинден сегиз медкызматкер сакайып чыкты. Жалпы республика боюнча 3166 медициналык кызматкерге COVID-19 диагнозу коюлган. Алардын 2669у айыкты.

11-сентябрда өкмөт коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине жана бул оорудан каза болгон дарыгерлердин жакындары жөнүндө маалымат берген. Ага ылайык, кенемте катары жалпысынан 165 адам үчүн каражат бөлүнгөн. 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөнүп берилди. Каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон төлөнгөн.

Расмий маалымат боюнча каза болгон медицина кызматкерлери 70тен ашты. «Азаттыктын» маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.

«Кызыл зонада» иштегендерге өкмөт айлыгына кошумча акы төлөп берүүгө да убада берген. 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов бул үчүн жыл аягына чейин бир миллиард 425 миллион сом каралып жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG