Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Тумоонун кесепетин иликтөө талабы жаңырды


Жакынынын коронавирустан көз жумганын угуп, оорукананын короосунда ыйлап жаткан аял.
Жакынынын коронавирустан көз жумганын угуп, оорукананын короосунда ыйлап жаткан аял.

Бишкек мэриясы 29-августта коронавирустан каза болгондорду эскерди. Мунун алдында илдеттен каза болгондордун жакындары пандемияда көз жумган миңден ашуун адамдын өлүмүн иликтөөнү бийликтен талап кылышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан көз жумган адамдар боюнча ушу тапта иликтөө жүрүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок ага бийликтен жооп болгон жок.

Беш баланын апасы Нургүл Ашымова 11-июлда Ат-Башы райондук инфекциялык ооруканасында каза тапты. Келиндин жолдошу Талантбек Нааман уулу жубайына туура эмес диагноз коюлганын айтып, оорукананын жетекчилигинин үстүнөн прокуратурага арыз жазган.

Маркум Нургүл Ашымова.
Маркум Нургүл Ашымова.

39 жаштагы келин 1-июлда көз жарып, сасык тумоо болуп ооруганына байланышуу жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Нургүл жаңы төрөлгөн ымыркайын эмизбей да калган экен.

«Келинчегимдин коронавируска тапшырган үч анализи тең таза чыккан. Бир аз сасык тумоо болуп ооруганда эле "дарыланышың керек" деп инфекциялык ооруканага жаткырып коюшту.

Мейли жатсын, дарылансын дедик. Бирок биз алып барган тамакты, таштап кеткен дарыларды бербей коюшту. Келинчегим улам чалып, курсагы ачканын, эч ким карабай жатканын айтып, үч-төрт жолу чыгарып кетүүмдү суранды. Оорукананын жетекчиси Илим Бейшеналиевге кайрылсак, “Эгер чыгарып кете турган болсоң, мүрзөдөн жер алып даярдана бер, эки күнгө жетпей каза болот” деп айтты.

Мен Илим Бейшеналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазгам. Бирок ишти карашкан жок. Саламаттык сактоо министрлигине да кат менен кайрылгам. Нарынга президент келгенде ага да кат киргизгенбиз. Жооп жок. Мен сиздерден суранам, ушул ишти адилеттүүлүк менен карап бериңиздер. Эмнеге боюнда бар аялды инфекциялык ооруканага жаткырышты? Аны төрөт үйүндө эле дарыласа болот да. Анысы аз келгенсип туура эмес диагноз коюп, карабай, өлтүрүп коюшту. Беш балам чыркырап жетим калды... Бешөө тең жаш...», - деди Нургүлдүн жолдошу Талантбек Наамат уулу.

Нургүлдүн артында беш бала калды. Балдарынын улуусу сегизге чыкса, кичүүсүнүн төрөлгөнүнө бир ай боло элек.

Бирок Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгери Илим Бейшеналиев өз дарегине айтылган сынга макул эмес. Ал Нургүл Ашымовага пневмония деген диагноз коюлганын билдирди:

«ПЦР-тест таза чыкканы үчүн коронавирус менен ооруган жок деп жатышат. Башында коронавирус менен пневмонияны бөлүп жатышпады беле. Ушундан улам түшүнбөстүк болуп, коронавирус менен оорубаганын айтышууда. Негизи ал келин пневмония болуп келген. Төрөтканага кантип вирусту алып жүргөн келинди жаткырабыз? Башкаларга жугушу мүмкүн эле да. Ал төрөттөн эмес, пневмониядан каза болду. Ашымованы башкалардан бөлүп караган жокпуз да. Мен алардын кайгысын түшүнүп турам. Жапжаш келин каза болгонуна биздин дагы ичибиз ачышты. Төрөттөн кийин алсыз болчу, оорусу да өтүшүп кетти. Ал учурда өзүм ооруп, догдурда жаткам. Келиндин туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Эгер прокуратурага арыз жазган болсо эксгумация жасатып, текшерүү жүрүшү керек. Туура эмес дарылаган киши жооп берет».

Дарыгер пандемия маалында өзү да жакынынан ажыраганын, үй-бүлөсү толугу менен ооруганын кошумчалады.

"Апам балким тирүү калмак беле..."

Токтогул шаарынын тургуну Шайыргүл Абдыкадырова пандемияда апасын жоготуп, кан жутуп турган кези. Апасы Сүйүнбү Раманкулова өпкөсүнөн кагынып, 7-августта Бишкектеги Урология борборунда каза болгон.

Маркум Сүйүнбү Раманкулова.
Маркум Сүйүнбү Раманкулова.

Шайыргүл апасына дары издеп чуркаганын, канча аракет кылса да куткара албай калганын айтып отурду.

«Биздей болуп апасын эч ким жоготпосо экен... Токтогулда ооруканада жатканда, дарылардын баарын Бишкектен алдырдык. Клександы, гепаринди өзүбүз сатып бердик. Анан Бишкекке алып келдик. Эгер Токтогулдагы оорукана даяр болуп, дарыгерлер баарын билип, убагында караганда убакыттан уттурбайт болчубуз. Апам тирүү калат беле... Эмне себептен аймактагы ооруканаларды карантин маалында даярдашкан жок? Дарыгерлер да даяр эмес экен. Бишкекке алып келгенде деле дарылардын баарын сатып бердик. Аны да араң издеп таптык. Эл өз акчасына алып жаткандан кийин бийлик керектүү дарыларды алдын ала даярдап койсо болот эле го. Азыр бийлик ошол азаптын баарын унутуп, эч нерсе болбогондой шайлоого даярданып жатат».

Кыргызстанда коронавирус июль айында күчөгөн. Бул күндөрү кыргыз медицинасынын тумоону ооздуктаганга алы келбей, күнүнө 70-80 киши каза болгон учурлар катталды. Тиешелүү медициналык жардам ала албай, ооруканага жетпей каза тапкандар да болду.

Коронавирустан үзүлгөн өмүрлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:14 0:00

Пандемияда атасын жоготкон Бишкек шаарынын тургуну Айболот Айдосов «эмне үчүн курмандыктар көп болду, алардын өлүмүнө ким жооп берет?» деген суроо салды.

«Январь айында эле Кыргызстанга вирус келерин билгенбиз. Саламаттык сактоо министрлиги да даярданып жатканын айткан. Бирок июлда бийлик бул апаатка системалуу түрдө даярданбаганын көрдүк. Кыргызстанга ушул апаатты токтотконго 500 миллиондой доллар келген. Бирок эмнегедир оору күчөгөндө Кыргызстан аны токтото албай калды. Миңден ашуун адам каза болду. Алардын арасында менин атам да бар эле. Ооруканалар даяр эмес экен. Дарыгерлердин кантип дарылаганын көрдүк. Азыр 4-протокол менен дарылап жатышат дешти. Эмне үчүн башында эле туура дарылашкан эмес? Ошол учурда дары-дармек жетпей, бааны көтөрүп сатышты. Биз бийликке, Саламаттык сактоо министрлигине, коомчулукка кайрылып, каза болгондордун өлүмүн иликтөөнү талап кылабыз», - деди ал.

Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпысынан 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев пандемия маалындагы өлүм боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди:

«Биз бул маселе боюнча Дүйнөлүк cаламаттык сактоо уюму менен сүйлөшкөнбүз, азыр иликтөө жүрүп жатат. Каза болгондордун жакындары кайрылганча эле иликтөө башталган. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, объективдүү иликтөө болсун дегенбиз. Ал жерде баштапкы документтер, бейтаптын оорусунун таржымалы жазылган картадагы өлүмдүн себептерин карап чыгышат. Эгерде сөөктү союп, текшеришкен болсо аны да карашат. Бизге Орусиядан, Кытайдан, Польшадан дарыгерлер келди, бир айдан жүрүштү. Өздөрү баарын көрүштү. Иликтөө бүтмөйүнчө "туура эмес дарылоо болду" деп тыянак чыгарууга али эрте».

Миңден ашуун кишинин өлүмүнө ким жооптуу?

Буга чейин Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол берген, өз учурунда коронавируска каршы аракеттерди жасабаган кызмат адамдарын жоопко тартуу сунушу да айтылып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооптуу адамдар жазасын алышы керек деген пикирде.

«Ажал баарына келет, өтүп кеткендердин жакындарына көңүл айтабыз. Бирок өткөн чак менен күрөшпөй, сабак алышыбыз керек. Пандемия маалында шалаакылыкка жол берген чиновниктердин жазасын бериш керек. Аткаруу бийлиги, президенттин, парламенттин тапшырмаларын так аткарбай, алдын ала иш-аракеттер начар болгонуна жоготуулар далил».

Мурдагы саламаттык сактоо министри, коомдук ишмер Накен Касиев медицинага башынан кайдыгер мамиле жасалбаганда далай өмүрдү сактап калууга мүмкүн эле деген ойдо.

Накен Касиев.
Накен Касиев.

«Бизде 43 миңден ашуун киши ооруса, Казакстанда жүз миң киши ооруду. Бирок алардын өлүмү бизге караганда эки эсе аз. Бул даярдыктын начардыгынан улам болду. Өзбекстан менен Тажикстанда деле өлүмдүн саны аз. Демек алар алдын ала даярданып, дары-дармек, айрыкча дем алдыруучу аппараттарды, концентраторлорду жетиштүү камдаганы үчүн өлүмдүн саны аз болду. Саламаттык сактоо министрлиги мурда мындай нерсеге туш болгон эмес. Жаңы келген министр баш-аягын жыйганча бир топ убакыт өтүп кетти. Өзү да ооруп, араң калды. Эгер иликтөө талабы коюлуп жатса, анда эл аралык эксперттер менен чогуу иликтеш керек».

Коронавирус токтой элек

29-августка карата Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Буга карабай акыркы бир күндө вирусту 125 адам жуктуруп алганы аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирус илдети менен пневмониянын эл арасында жайылышы токтой электигин андыктан жарандарды беткап тагынууга, аралыкты сактоого, колду жууп турууга, санитардык эрежелерди сактоого чакырууда.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда учурда коронавирус жугузуп алган 5000ден ашуун бейтап дарыланып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG