Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Сыдыкбаев: Жетинчи чакырылыштан үмүт аз


Чолпонбек Сыдыкбаев
Чолпонбек Сыдыкбаев

Кыргызстанда парламентаризм түшүнүгү өнүкпөй, саясатчылар аны түшүнбөй эле бийликке умтулуп атышат.

Ушул өңүттө талдоочу, саясат илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Сиздин баамыңызда парламентаризм идеологиясын 4-октябрдагы шайлоого аттанган партиялар канчалык терең түшүнөт?

- Түпкүлүгүндө, партиялык система аймакчылдык, уруучулук, жердешчилик сыяктуу көйгөйлөргө чекит коюп, оңолуу жолун баштайт деп, 2010-жылы парламентаризмге астейдил багыт алганбыз. Анын үстүнө парламентаризм кыргыздардын курултай системасына жакын болчу. Жакшы жагын алып кетсе, максатка жетмекпиз.

Тилекке каршы, партиялар классикалык партия талаптарына жооп бербейт. Бизде партиялар корпоративдик, кландык уюмдун саясий формасы болгондуктан, парламентаризмди жамандап, “бизге можаритардык система керек” дегендер бар. Чындыгында андай эмес болчу. Бул системаны жакшы жолго коюп алсак, маселе жаралмак эмес. Буга адегенде партия лидерлери жана саясий маданият күнөөлүү.


- Жогорку Кеңештин депутаттары парламентаризмди канчалык бекемдей алышты?

- Парламентаризмге салым кошууга аракет кылган депутаттар саналуу эле. Көпчүлүгү тескерисинче, ашмалтайын чыгарууга салым кошушту. Идеология менен кетишибиз керек, бирок биздеги партиялардын биринде да идеология жок болуп калды. Саясатчылар бир партиядан экинчисине секире беришет. Айрымдар шайлоого старт берилгенде бир партияда, шайлоо жарыяланганда экинчисинде, башталганда үчүнчүсүндө болуп атпайбы. Ушул жагдай партиялык системадан, парламентаризмден элдин көңүлүн калтырууда.

- Бул проблеманын негизги факторлоруна токтоло аласызбы?

- Бизде цивилизациялуу эмес, жапайы капитализм күч алган убак. Саясатчылардын, лидерлердин саясий маданияты оңолбой атса, элдики кайдан оңолот? Саясатчылар идея үчүн башын саюуга тийиш. А бизде кандай? Идеология деп жүргөн саясатчылар жеңишке көзү жетпей калса эле партиясын алмаштырып кетип калат. Идея сөз жүзүндө кала берет, аягына чейин турушпайт. Социалисттик партия либерал-демократиялык партия унчукпай эле биригип кетпедиби.

Классикалык парламентаризмдин түпкү маңызын билгендер деле бар. Билип туруп да ар кандай кадамга баргандар болуп жатышы – өкүнүчтүү.


- Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын өкүлдөрү дарегине көп сын айтылган депутаттар катары тарыхка кирди. Алдыда кезектеги парламенттик шайлоо. Партиялардын тизмесиндеги талапкерлер менен таанышып чыктыңызбы? Жетинчи чакырылыштын сапатын кандай божомолдойсуз?

- Тизмелер менен тааныштым. Тилекке каршы, жетинчи чакырылыштагы парламенттин сапаты да канааттандырарлык болбойт. Тизменин алдыңкы катарында ишкерлер, көпөстөр, кримчөйрөнүн өкүлдөрү...

Борбордук шайлоо комиссиясы өз функциясын аткарып жатканы менен, талапкерлердин таржымалы алар депутат болуп келгенден кийин ачыкка чыгат. Бул адат болуп калбадыбы. Андыктан, прогрессивдүү парламент болоруна ишеним аз.

- Парламентаризмди түптөөдө жарандык коомдун ролу кандай болушу керек?

- Кыргызстандын жарандык коому коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу активдүү, бирок саны аз. Көп реформа жасашты деп Армениядагы, Грузиядагы өзгөрүүлөргө суктанабыз. Бирок ал мамлекеттерде коом - моноулуттуу жана монодиндүү. Бизде болсо диний көз караштар ар кыл, аймактык ажырым байкалат, саясий маданиятты айырмачылык ар кандай. Андан тышкары улутка тиешелүү факторлор бар, мунун баары реформанын ишке ашышына терс таасирин тийгизет. Мыйзамдарыбыз жакшы, бирок аткарылышы начар.

XS
SM
MD
LG